JICA жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор
Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана мамлекеттик ишкана «Кыргызаэронавигация» тарабынан башталган биргелешкен долбоор, аба кыймылын башкаруу, анын ичинде учактарды векторлоо жана алардын ылдамдыгын көзөмөлдөө менен алектенүүчү диспетчер-инструкторлорду даярдоого багытталган. Долбоордун алкагында учуу схемаларын иштеп чыгуу боюнча адистерди даярдоо да каралган. Бул тууралуу JICA өкүлдөрү билдиришти.
2025-жылдын 18-декабрында Бишкекте JICAнын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын ортосунда талкуу протоколу кол коюлду, бул долбоордун алкагындагы маанилүү кадам болду.
Долбоордун негизги максаты аба кыймылын башкаруу операцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана маршруттарды иштеп чыгуу болуп саналат, бул өз кезегинде Кыргызстандын жарандык авиациясындагы кызматтардын коопсуздугун жана сапатын жакшыртууга жардам берет.
Фото www
