
"Социалдык дүкөндөр – Евразия" демилгеси ар кандай социалдык топторго жардам берүү үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда борбордо мындай беш дүкөн иштеп жатат, алар негизги товарларды жеткиликтүү баада сунушташат. Мурда социалдык карталарды пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөр, ошондой эле студенттер, медициналык кызматкерлер жана мугалимдер ала алышчу. Жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөр үчүн программаны кеңейтүү долбоордун өнүгүшүндөгү табигый кадам болуп саналат, анткени үй-бүлөнүн бюджетине болгон финансылык жүктөм өсүүдө.
Бул программа "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашырылууда жана жарандарды жеткиликтүү баада сапаттуу товарлар менен камсыздоо максатын көздөгөн социалдык багыттагы демилге катары өнүгүүнү улантууда.
Социалдык картаны алуу үчүн ата-энелер "Евразия" паркы же тармактагы социалдык дүкөндөрдүн бирине кайрылышы керек. Тиркөө учурунда ата-энелердин биринин жеке күбөлүгүн жана баланын же балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүшү зарыл. Социалдык дүкөндөр "Евразия" төмөнкү даректерде жайгашкан: Токтогул көчөсү, 146/1, Асанбай микрорайону, 8/3, Акматбек Суюмбаев көчөсү, 17, Московская көчөсү, 7, Манас көчөсү, 97 жана Юнусалиев көчөсү, 159.
Социалдык дүкөндөр "Евразия" керектүү товарларды шаардыктар үчүн дагы да жеткиликтүү кылуу максатында колдоо программаларын кеңейтүүнү улантууну пландаштырууда.
Маалымат:
АНО "Евразия" – эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий салттарды сактоо, ултаралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган автономдуу коммерциялык эмес уюм. "Евразия" социалдык демилгелерди активдүү колдойт, ар кандай маданияттагы адамдарга байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн берет жана билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу тармактарында программаларды өнүктүрөт. Негизги көңүл мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоого бурулат. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун арасында билим берүү программалары, ири мамлекеттик мекемелерде стажировкалар жана медиа мектеби бар. Ошондой эле "Евразия" мугалимдер үчүн профплатформаларды жана форумдарды уюштурат, журналисттерге жана блогерлерге гранттар берет, ошондой эле тарыхты жана маданиятты сактоо менен байланышкан демилгелерди колдойт.