
2026-жылдын 1-январынан баштап «Бала Береке» бир жолку төлөмү боюнча президенттин жарлыгы күчүнө кирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетекчи адиси Адель Жоомартова «Кабар» агенттигине берген маегинде бул төлөмдү алуу үчүн талап кылынган шарттар тууралуу кеңири айтып берди.
«Бала Береке» төлөмүн ким алууга укуктуу?
Бул бир жолку төлөм көп балалуу энелерге, тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактарда жашаган энелерге арналган. Төлөм төртүнчү жана андан кийинки балдардын төрөлүшүндө берилет.

- 4-баласы төрөлгөндө — 100 миң сом;
- 5-баласы үчүн — 600 миң сом;
- 7-баласы үчүн — 1 миллион сом;
- 8-баласы үчүн — 1 миллион 200 миң сом;
- 9-баласы үчүн — 1 миллион 500 миң сом;
- 10-баласы жана андан кийинки балдары үчүн — 2 миллион сом.
Төлөмдү алуу үчүн эмне керек?
«Бала Береке» төлөмүн алуу үчүн негизги талап — тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактарда туруктуу жашоо. Арыз берүүчү мындай аймакта арыз бергенге чейин кеминде эки жыл жашашы керек.
«Төлөм бала бир жашка чыкканда берилет. Мисалы, эгер аял ушул жылы төртүнчү баласын төрөсө, ал бала бир жашка чыкканда, 2027-жылдын 1-январынан тартып төлөмдү алуу үчүн арыз бере алат», — деп түшүндүрдү Жоомартова. Ал ошондой эле, арыз бала бир жашка чыккандан кийин алты ай ичинде берилүүсү керек экенин белгиледи. Бул мөөнөттөн кийин төлөм берилбейт. Ошондуктан, бала 1,5 жашка чыкканга чейин арызды берүү маанилүү. Каражат арыз берүүчүнүн банктык эсепине которулат», — деп кошумчалады адис.

Арыз берүү үчүн кандай документтер керек?
- эненин паспорту же кайрылманын күбөлүгү;
- бардык балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөр;
- көрсөтүлгөн аймакта туруктуу жашоону тастыктаган документтер;
- банктык эсептин номери.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Адель Жоомартованын маалыматы боюнча, 2027-жылдын 1-январынан тартып «Бала Береке» бир жолку төлөмүн 11 миңден ашык бала ала алат.

Эки баланын төрөлүшүндө төлөм кандай эсептелет?
Эгер үй-бүлөдө үч бала болсо жана андан кийин эки бала төрөлсө, анда алар төртүнчү жана бешинчи балдар катары эсептелет. Бул учурда төлөмдүн суммасы төмөнкүчө болот:
- төртүнчү бала үчүн — 100 миң сом;
- бешинчи бала үчүн — 600 миң сом.