Түштүк Корея Манас тууралуу фильм тартат
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясы Түштүк Кореянын ЮНЕСКОнун колдоосундагы нематериалдык маданий мурас боюнча Азия-Тынч океан эл аралык маалымат борбору менен биргелешип, нематериалдык маданий мурастарды документтештирүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясынын секретариатынан билдиришти.