Кыргызстан Бишкектен жана Оштон Эмираттарга каттамдарды ачкысы келет
Учурда Бишкек — Дубай маршруту боюнча бир гана түз рейс бар Кыргызстан Air Arabia авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бул жазда Шарджа — Бишкек жана Шарджа — Ош рейстерин ачуу үчүн, деп билдирет КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Шаршемби күнү Шарджа эмиратында (ОАЭ) КРнын Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбеков менен Шарджа Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдалла Султан Аль-Увейс менен жолугушуу болду. Кызматташтык боюнча кеңири маселелер талкууланды.