Сафид-Булан
Шах-Фазиль мавзолейи Сафид-Булан. Коканд доорунун архитектурасын талдай келе, белгилүү немис искусствовед Б. Брентьес: «Ал убактагы курулуштар формасы боюнча традицияларга ылайык келген, бирок ички архитектура жергиликтүү кол өнөрчүлүк традицияларынан күчтүү таасир алган» деп белгилейт. Бул кыргыздын салттуу мавзолейлерине, мечиттерине жана медреселерине карата дагы да туура келет. Мечиттер жана медреселер сыяктуу культтук архитектуранын эстеликтери Кыргызстаннын түштүк бөлүгүндө гана