
2025-жылдын 8-декабрынан баштап жеке мектептер үчүн лицензия алуу процессинин арыздарын берүү толугу менен санариптик форматка өтөт.
Билим берүү министрлиги башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү боюнча лицензиялоо автоматташтырылган «Лицензиялоо» платформасы аркылуу гана жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Арызды төмөнкү шилтеме аркылуу берүү мүмкүн: https://license.edu.gov.kg/
Эскертебиз, 2025-жылдын 5-декабрынан кийин саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт.
Өзгөртүүлөр өкмөттүн акселераторлор программасынын алкагында киргизилген, анын максаты санариптик трансформация жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү.
Ведомстводо электрондук системага өтүү арыздардын иштелип чыгуу убактысын кыскартууга, ачыктык деңгээлин жогорулатууга жана билим берүү мекемелерине ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө жардам берет деп белгилешет.