Бостонкулова Тамара Орозалиевна
Бостонкулова Тамара Орозалиевна График. 1966-жылдын 25-декабрында Жапал-Абад шаарында төрөлгөн. 1984-жылы В.С.Улеев атындагы балдар көркөм мектебин, 1989-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм училищесин, педагогикалык бөлүмүн аяктаган, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин сүрөт өнөрү факультетин бүтүргөн. Облустук, региондук жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.