Бул документ радиоактивдүү материалдарды ташуу процессинде коопсуздукту камсыз кылуу жана улуттук мыйзамдарды радиациялык коопсуздук боюнча эл аралык нормаларга жана стандарттарга ылайык келтирүү максатын көздөйт.
Токтомго ылайык, анын ишке ашырылышына жооптуу мамлекеттик органдар катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дайындалды.
Токтомдун ишке ашырылышы тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланат. Токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана ионизирленген нурлануунун булактарын коопсуз ташуу үчүн стандарттар
Документти жүктөп алуу