15-17-марттагы аба ырайы
Кыргызстанда 15-17-мартта суук болот 15-мартта туруксуз аба ырайы күтүлүүдө: аймактын көпчүлүк бөлүгүндө мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектери жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Айрым аймактарда интенситивдүү жаан-чачын күтүлүүдө. Жолдордо кар катмары, тайгактык жана кар көчкү болот. Шамал батыштан 4-9 м/с, айрым аймактарда 15-20 м/с чейин күчөйт.