
Бул жаңылык жергиликтүү жүк ташуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Европа–Кавказ–Азия (TRACECA) эл аралык транспорттук коридорунун көп тараптуу уруксаттар системасына кошулуу процессин ийгиликтүү аяктады.
Системага кирүү кыргызстандык авто ташуучуларга транзит жана жүк ташуу үчүн долбоорго катышуучу мамлекеттер аркылуу эки тараптуу уруксаттардын зарылдыгын алмаштырган бирдиктүү көп тараптуу TRACECA уруксатын пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Бул уруксат эл аралык жүк ташууларды долбоорго катышкан бардык өлкөлөрдүн аймактары боюнча жүргүзүүгө укук берет, өзүнчө улуттук документтерди алуу зарылдыгын жокко чыгарат. Ал бир жолу колдонулуучу, бир айланма рейс үчүн иштейт жана ар бир өлкөгө эки жолу кирүүгө жана чыгууга уруксат берет. Уруксат эки тараптуу, транзиттик жана аралаш жүк ташуулар үчүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө жана ошол өлкөлөрдөн жүк ташуулар үчүн ылайыктуу.
TRACECA системасына интеграциядан кийин кыргызстандык жүк ташуучулар Армения, Грузия, Молдова, Румыния, Түркия жана Украина сыяктуу өлкөлөргө бирдиктүү уруксат менен рейстерди жүргүзө алышат.
Транспорт министрлигинде TRACECAга катышуу эл аралык авто жүк ташууларды өнүктүрүү жана өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн белгилешет.
Сүрөт www