Анын айтымында, визалык саясатты кайра карап чыгуу мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө жана визаларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.Мындан тышкары, Гор АКШнын региондор менен бизнес байланыштарын өнүктүрүүгө, анын ичинде электрондук соода жана транспорт секторлоруна көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Ал мындай саясат Америкага гана эмес, региондогу башка мамлекеттерге да пайда алып келет деп эсептейт.
АКШнын негизги максаты - чек арасын коргоо.Эскерте кетсек, жакында Америка Кошмо Штаттары 75 өлкөнүн жарандарына, анын ичинде Кыргызстанга, иммиграциялык визаларды берүүдө токтотуу жарыялады.