Акция Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Д. Асанов атындагы паркте өттү. Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) болду.
«Пираттыкка токто!» акциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан интеллектуалдык менчикти коргоо, автордук жана ага байланыштуу укуктарды сактоо боюнча мыйзамдарды урматтоо, интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга жол бербөө, лицензияланган продукция рыногун коргоо, ошондой эле калк арасында маалыматты жогорулатуу жана интеллектуалдык менчик пираттыгына терс мамиле түзүү максатында өткөрүлүүчү салттуу акция.
Иш-чараны Кыргызпатенттин статс-секретары Жапаркул Ташиев саламдашуу сөзү менен ачты.
Ал өз сөзүндө акциянын катышуучуларын авторлордун чыгармаларын жаратууга жумшаган моралдык жана материалдык ресурстарын урматтоого чакырды, анткени адал эмес ишкерлер тарабынан контрафакттык продукция рыногунда чоң көлөмдө таралып жаткандыктан, алар интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжалары үчүн толук сыйлык алууга жетишпей калууда.
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү да интеллектуалдык менчик пираттыгына жол бербөө керектигин белгилешти жана иш-чаранын катышуучуларына контрафакттык продукциянын жүгүртүүсүнө каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.
Акция отандык эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолду. Жамаатты өз чыгармалары менен Гульнур Сатылганова, Юлия Руцкая, Style Mix, Асема, Гульзинат Суранчиева, Айя Садырова, Ильяз Андаш жана Октом Сапар уулу кубантты.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу