

Миңдеген адамдар, даттар жана гренландиялыктар, Копенгаген жана Нуук көчөлөрүнө чыгып, Дональд Трамптын Гренландияны сатып алуу ниетине каршы өз позицияларын билдиришти.
Нааразычылык билдиргендер «Гренландиядан колуңарды тарткыла» деген жазууларды кармап, аралдын желектерин желпишти.
Акцияга Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен катышты.
Дат премьер-министри Метте Фредриксен Instagramда: «Бүгүн көпчүлүк адамдар Гренландияны колдоо үчүн демонстрацияларда жекшемби өткөрүүнү тандашты. Гренландия жана дат желектери жанаша — бул абдан жакшы» деп белгиледи.
Эскерте кетсек, АКШ Конгрессине «Гренландияны аннексиялоо жана ага штат статусун берүү» боюнча мыйзам долбоору сунушталган.
Бул документтин түшүндүрмө жазуусунда, ал АКШ президентине Гренландияны сатып алуу үчүн «бардык зарыл кадамдарды» жасоого уруксат берет деп көрсөтүлгөн.
Дональд Трамп мурда АКШ «кайсыл бир жол менен» аралды көзөмөлгө алат деп билдирген. Ал биринчи президенттик мөөнөтүндө Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөгөн, ал эми 2025-жылдын мартында аннексиялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып, Копенгагенге соода бажы салыктарын киргизүү менен коркуткан.
Гренландия Даниянын автономдуу аймагы болуп саналат. 1951-жылы Вашингтон жана Копенгаген аралды коргоо боюнча келишимге кол коюшкан, бул НАТО алкагында союздаштык милдеттенмелерин бекемдеген. Бул келишимдин негизинде, АКШ Гренландияны мүмкүн болгон агрессиядан коргоого милдеттенген.