
Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги КИВО долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) экинчи этапынын башталышы тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу илим, билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди.
Козуевдин айтымында, долбоордун негизги максаты — илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу жана билим берүү программаларын эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайыкташтыруу. Бул максатка жетүү үчүн изилдөө жана инновациялар борбору түзүлөт, ошондой эле Академиялык инновациялык фонддун конкурсу башталат. Ал ошондой эле бул долбоордун үч негизги багытын белгиледи.
«Биринчи багыт университеттик инфраструктураны жана билим берүү программаларын модернизациялоону камтыйт, алардын сапатын жана актуалдуулугун жогорулатууга басым жасалат. Бул багыттын алкагында КГМА, КГТУ, КНАУ, КНУ жана ОшГУ университеттеринин базасында изилдөө жана инновациялар борборлору түзүлөт, алар өзгөчө статуска ээ болушат. Бул заманбап лабораториялардын, жаңы билим берүү программаларынын, эл аралык кызматташтыктын кеңейишинин, санариптик технологияларды киргизүүнүн жана өнөр жай менен түз байланыштарды орнотуунун пайда болушун билдирет. Экинчи багыт АИФ аркылуу университеттердин изилдөө жана инновациялык потенциалын жогорулатуу менен байланыштуу. Үчүнчү — жогорку билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын бекемдөө, бул аккредитация критерийлерин кайра карап чыгуу жана заманбап өзүн-өзү баалоо жана тышкы баалоо процедураларын киргизүүнү камтыйт», - деп түшүндүрдү Дурус Козуев.
Министрдин орун басары, катышуу үчүн арыздарды өлкөдөгү бардык университеттердин окутуучулары жана изилдөөчүлөрү бере аларын кошумчалады. Аялдар тарабынан башкарылган долбоорлорго, ошондой эле студент кыздарды жана уязвимдүү катмарлардын өкүлдөрүн тарткан инициативаларга өзгөчө көңүл бурулат.
АИФ 200 000 АКШ долларына чейин гранттарды 36 айга чейин сунуштайт. Арыздарды берүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй:
1 этап — 2026-жылдын 8-апрелине чейин, 24:00:
2 этап — толук арыздарды берүү үчүн 2026-жылдын 30-июлуна чейин, 24:00.
Толук маалымат жана арыз формаларын төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыз: https://egov.kg/ru/ministry/104/news/21044