Ал өлкө эл аралык сертификат алганын, бул акча белгилерин чыгаруу үчүн бардык стандарттарга жана талаптарга жооп берерин баса белгиледи.
Жапаровдун айтымында, "Учкун" башка мамлекеттерге, анын ичинде валютаны гана эмес, ар түрдүү расмий документтерди басып чыгаруу боюнча кызматтарын сунуштоого даяр. Учурда ишканага бир нече өлкөдөн заказдар келип түшкөн. Сертификаттын болушу продукцияны жасалмадан жогору деңгээлде коргоону камсыздайт, деп кошумчалады ал.
Кызматтардын баалары жеткиликтүү деңгээлде калууда.Эскерте кетсек, ААК "Учкун" мурда жалпы жарандык паспортторду, ID-карталарды, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка документтерди басып чыгаруу менен алектенген.