Министрлик оорулуу адамдар үчүн эксперименталдык дары-дармектерди колдонуу тартибин аныктоо боюнча ыйгарым укуктарды өзүнө алууну сунуш кылууда
Саламаттык сактоо министрлиги «Дары-дармек каражаттары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат системасы жөнүндө» мыйзамдарына байланыштуу Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады. Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты дары-дармек каражаттары менен иш алып баруу чөйрөсүндөгү нормативдик жөнгө салууну жакшыртуу болуп саналат. Бул мамлекеттик каттоо процессин оптималдаштырууну жана кайталанган нормаларды жана