Жардам берүү акциясынын алкагында үй-техникалар жана азык-түлүктөр берилди
Кечээ Бишкекте «Евразия Кыргызстан» тарабынан Евразия орус тили борбору менен биргеликте уюштурулган майрам өттү. Бул тууралуу уюштуруучүлөр билдиришти.
Жардам берүү акциясынын жүрүшүндө «Умут–Надежда» балдар реабилитациялык борборунун, «Келечек» реабилитациялык борборунун жана «Умут үйү» муниципалдык социалдык мекемесинин тарбиялануучуларына керектүү үй-техникалар, ошондой эле жаңы жемиштер жана башка азык-түлүктөр берилди.

Социалдык мекемелердин балдары үчүн маданий программа уюштурулду, анын ичинде Евразия орус тили, маданият жана инклюзия борборунун окуучулары тарабынан даярдалган театрлык көрсөтүү, ошондой эле эң кичинекейлер үчүн ар түрдүү оюндар жана көңүл ачуу иш-чаралары камтылды.

Акциянын алкагында берилген бардык азык-түлүктөр «Евразия» социалдык дүкөндөрү тарабынан камсыздалды.
Бул демилгениң негизги максаты Кыргызстандагы социалдык мекемелерге практикалык жардам көрсөтүү, кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана балдарды, ошондой эле кыйын жашоо шартында болгон адамдарды колдоо болуп саналат.
Сүрөт www
