Документте 2025-жылдын аягында өлкөдө гепатит дельтаны дарылоого арналган жаңы препарат — булевиртид катталгандыгы жөнүндө айтылат. Бирок, HDV боюнча диагностикалоо жана дарылоо дагы деле гепатит B боюнча протоколдордун алкагында жүргүзүлүүдө.
ECAT мүчөлөрү гепатит дельта үчүн өзүнчө клиникалык сунуштар жана программалык документтердин жоктугу бул оорунун маанисин азайтып, бейтаптарга жардам көрсөтүүнү каржылоодо жана пландаштырууда мүмкүнчүлүктөрдү чектейт деп тынчсызданууда.
Катта ошондой эле Республикалык гемоконтакттык вирусдук гепатиттер жана ВИЧ боюнча контролдоо борборунун маалыматы келтирилген, анда 2025-жылдын 1-сентябрына карата гепатит B менен ооруган бейтаптардын 17% (3 120 адам) гепатит дельта менен коинфекциялангандыгы көрсөтүлгөн.
Жогоруда айтылганды эске алып, ECAT өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине эки негизги кадамды карап чыгууга сунуш кылышууда:
- бюджети өзүнчө болгон гепатит дельта боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн бейтаптардын коомчулугун катыштыруу менен жумушчу топ түзүү,
- HDV боюнча өзүнчө нозология катары клиникалык сунуштарды иштеп чыгуу жана бекитүү.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: gemotest.ru.