Бильярд: жаштар дүйнө чемпионатынын финалы
Жаштардын дүйнөлүк чемпионатынын финалында эки кыргызстандык ойнойт Бильярд боюнча "комбинирленген пирамида" дисциплинасында жаштардын дүйнөлүк чемпионатынын финалына Кыргызстандын бильярдчылары чыкты. Соревнованиянын расмий сайтына ылайык, жарым финалдык беттеште Дастан Лепшаков Россиядан келген Иосиф Абрамов менен беттешти. Кыргызстандык атаандашын 5:0 эсебинде жеңип, таза жеңишке жетти. Экинчи финалдык беттеште Чыңгыз Жолочиев украин бильярдчысы Андрей Клестов менен ойнойт.