Базарканов Кочкумбай (1924)
Базарканов Кочкумбай (1924), экономика илигинин доктору (1985), профессор (1987). Кыргыз. Дархан айылында, Жети-Огуз районунда, Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. КГУнун тарых факультетин (1952) аяктаган, ИЭ АН Кыргыз ССРинин аспирантурасын (1967) бүтүргөн. Кирвоенкоматтын 2-бөлүмүнүн начальниги, Ош шаарынын военкоми, илимий кызматкер, к/за төрагасы, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1995-жылдан тартып - КГНУнун ИИМОП боюнча илимий кеңешчиси болуп иштеген.