
Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары Эдил Байсалов менен Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Коммунисттик партиянын партиялык комитетинин катчысы Линь Унун ортосундагы сүйлөшүүлөр Цзинан шаарында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин тастыктап, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Алар Кыргызстандагы облустар менен Шаньдун провинциясы ортосундагы жакын байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Эдил Байсалов практикалык өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын, анын ичинде Кыргызстанда жаңы өндүрүш кубаттарын түзүүнү, бул болсо кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи.

«Акыркы беш жылда Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүүнүн жогорку темптерин көрсөтүп, жаңы өнүгүү горизонтторун ачууда. Учурда өлкөнүн өкмөтү заманбап технологияларды массалык киргизүү, экспортко багытталган өндүрүштөрдү түзүү жана жаштар үчүн жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча милдеттерди коюп жатат. Бул боюнча жаңы мамлекеттик программалар иштелип чыгууда, биз Кытай Эл Республикасымен кызматташууга багыт алдык», — деди Эдил Байсалов.
Линь У инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, өнөр жай тармагында жаңы инициативаларды ишке киргизүүгө жана өлкөлөр ортосунда гуманитардык алмашууларды активдештирүүгө даяр экенин тастыктады.


Жолугушуунун натыйжасында тараптар кызматташтыкты бекемдөөнүн кийинки кадамдарын аныктап, жетишилген макулдашуулар боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты. Кыргызстан делегациясы өз визити учурунда провинциядагы жетекчи машина куруу ишканаларынын иши менен таанышышты.