
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбет уулунун уюштурган жумушчу жыйынында Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкарууну оптималдаштыруу боюнча негизги маселелер талкууланды.
Талкуу учурунда жарандар үчүн медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган эффективдүү лабораториялык диагностика системасын түзүү боюнча кадамдар сунушталды. Жыйналыштын катышуучулары жаңы концепция бирдиктүү улуттук лабораториялык диагностика структурасын түзүүнү камтыйт, ал мамлекеттик жана жеке ишканаларды бирдиктүү сапат жана башкаруу стандарттары менен бириктирет деп белгилешти.
Талкуунун маанилүү аспектиси лабораториялык кызматта эл аралык стандарттарды киргизүү жана лабораториялык ресурстарды рационалдуу бөлүштүрүүгө жана алынган натыйжалардын тактыгын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү санариптик чечимдерди колдонуу болду.
Мындан тышкары, жыйында медициналык калдыктарды башкаруу маселелери да каралды: катышуучулар мамлекеттик контролду күчөтүү жана алардын дезинфекциясы жана утилзациясы үчүн заманбап технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын айтып беришти. Чакырылган эксперттер лабораториялардын структурасы жана стандартташтыруусу, ошондой эле медициналык калдыктарды башкаруу системасы боюнча өз идеяларын сунушташты.
Каныбек Досмамбетов лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды эффективдүү башкаруу мамлекеттик саламаттык сактоо саясатында маанилүү роль ойнорун, бул өз кезегинде оорулардын алдын алуу, убагында диагностика жүргүзүү жана калктын жалпы ден соолугуна таасир этээрин баса белгиледи.
Жыйналыштын соңунда профилдик кызматтар аталган тармактарды жакшыртуу боюнча кийинки кадамдар жана пландалган иш-чараларды этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөрдү алышты.