
Талас облусунун тургундары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаевага эмгек укуктарын коргоо боюнча кайрылышты.
Кайрылуусунда 21 адам 5-16-январь күндөрү Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан заказ берилген көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштегенин билдиришти.
Алардын айтымында, 16-январда себепсиз жумуштан четтетилген, андан кийин ордуна коңшу мамлекеттен 60га жакын жумушчу келген.
«Биз менен эч кандай эмгек келишимдери түзүлгөн эмес, бирок жумуш убактысын эсепке алышкан, биздин ишибиздин фото жана видео далилдери бар. Биз Акыйкатчыга эмгек укуктарымызды коргоо жана кайра жумушка орношууга жардам сурап кайрылып жатабыз», — деп билдиришти алар өз арызында.
Институт эмгек мыйзамдарын сактоону көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү кызматына, ошондой эле «ГИК» ААКсына жана Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө расмий суроо жөнөттү.
Жооп катында ГИК алар ипотекалык үйлөрдүн курулушунун заказчысы гана экенин, ал эми ишти мамлекеттик «Кыргызстройсервис» ишканасы жүргүзүп жатканын тактады.
Институттун кызматкерлери мурдагы жашоо комплекси башка уюм тарабынан курулуп жатканын, бирок ал долбоорду аяктабастан чыгып кеткенин аныкташты. Кийинчерээк объект жаңы подрядчыга өткөрүлдү.
Институттун кайрылуусунан кийин учурдагы подрядчы жергиликтүү тургундарды, эгерде аларда тиешелүү квалификация жана тажрыйба болсо, жумушка алууга даяр экенин билдирди.
Февраль айынын башында арыз ээлери кайра жумушка алынганы тууралуу кат жазып, Акыйкатчыга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.