Билим жана илим министри КР Канат Садыков Катар мамлекетинде жумушчу визитте
Кыргыз делегациясы билим берүү жана илим министри К.Садыковдун жетекчилиги астында 20-сентябрдан 23-сентябрга чейин Катар мамлекетинде расмий визитте болду. Визиттин алкагында делегация Катар мамлекетиндеги билим берүү уюмдарын зыярат кылып, мектептердин жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушту. Жумушчу визиттин алкагында Кыргызстан жана Катар мамлекеттери арасында билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.