Яковлев Михаил Юрьевич
Яковлев Михаил Юрьевич Редактор. КПССтин мүчөсү 1961-жылдан бери. 1929-жылдын 7-сентябрында Өзбек ССРинин Наманган шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жашынан баштап жетимдер үйүндө тарбияланган. 1942-жылы Москвадагы совет армиясынын тарбиялануучулары үчүн аскердик-музыкалык окуу жайына окууга жөнөтүлгөн. 1945-жылдан 1952-жылга чейин Севастополь шаарындагы аскердик кемелерде кызмат кылган. Орто билимди өз алдынча аяктаган жана 1951-жылы Москвадагы полиграфия институтунун