Критик, адабиятчы Халил Бапаев
Критик, литературовед X. Бапаев Карасуй районунун Алим-Тепе айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1945-жылы өз айылындагы жетилет мектепти, 1948-жылы Ош шаарындагы педагогикалык училищени, 1953-жылы КГУнун филология факультетин, 1962-жылы КГУнун аспирантурасын аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты (1963-жыл). Эмгек биографиясын 1953-жылы Ош шаарындагы Дж. Боконбаев атындагы педагогикалык училищеде мугалим болуп баштаган. 1954-жылдан тарта Ош облусунун Алай районундагы И. М. Свердлов