2026-жылга төмөнкү тарифтер бекитилди:
- 1 кубометр үчүн 15 тыйын вегетация мезгилинде (активдүү сугат үчүн);
- 1 кубометр үчүн 5 тыйын вегетация мезгилинде эмес.
2025-жылы аграрийлер гектар үчүн 500 сомдук бекитилген сумманы төлөшкөн, бирок мындай система көптөгөн фермерлерди канааттандырган жок, бул баа түзүү ыкмасын өзгөртүүгө себеп болду.
Тыналиевдин айтымында, жаңы баа социалдык багытталган бойдон калууда. Кубометр сугат суусунун чыныгы өздүк наркы 87 тыйын болсо да, өкмөт өлкөдөгү татаал социалдык-экономикалык абалдан улам тарифтерди ушул деңгээлге көтөрүүнү пландаштырбайт.
Келерки сезонго болгон болжолдор боюнча, Гидрометеорология кызматынын так маалыматтары апрель айында жеткиликтүү болот. Бирок, Минводсельпромдун өкүлдөрү парламентте быйыл Кыргызстанда суу жетишсиздиги күтүлүп жатканын мурда билдиришкен.