
Сүрөт: Минводсельпромдун маалымат кызматы.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Өзбекстандан келген көчөттөрдүн кезектеги партиясы чек арада текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди. Баткен облусундагы "Кызыл-Кыя" постунда фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөндө 82 830 көчөттүн зарыл белгилери жок экени аныкталган.
Ведомстводон билдиришкендей, 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 157 номерлүү токтомуна ылайык, карантиндик продукциянын ар бир упаковкасы анын аталышы, келип чыккан өлкөсү жана экспорттоочу өлкө тууралуу маалыматты камтышы керек.
Бул белгилердин жоктугу ЕАЭБдин жалпы фитосанитардык талаптарын бузуу катары бааланган, бул болсо жүктүн импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылышына себеп болгон.
Белгилей кетсек, быйыл февраль жана март айларында Кыргызстан Өзбекстандан киргизилген ушундай эле көчөттөрдүн партияларын кайра кайтарган.