«Манас Менеджмент» ЖАКта «Аэромар» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү, бул компания СНГ жана Чыгыш Европа боюнча борттук тамактандыруу боюнча алдыңкы операторлордун бири болуп саналат.
Жолугушууда борттук тамактандыруу өндүрүшү жана жеткирүү боюнча стратегиялык өнөктөштүк маселелери талкууланды. Катышучулар тажрыйба алмашуу, тамак-аш тармагында заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарын киргизүү, ошондой эле технологиялык базаны жаңылоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле борбордун өндүрүш процессин оптималдаштыруунун, эл аралык талаптарга ылайык менюну кеңейтүүнүн жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
«Аэромар» көп жылдан бери өз тармагында лидерлик орунду ээлеп, орус жана чет элдик авиакомпанияларды борттук тамактандыруу менен камсыз кылып келет. Компанияда заманбап өндүрүш комплекстери, сапатты контролдоо боюнча автоматташтырылган системалар жана эл аралык HACCP стандарттарына жооп берген катуу нормалар бар. «Аэромар» өзүнүн кулинардык концепцияларын активдүү өнүктүрүп, шеф-ашпозчулар менен кызматташып, дүйнөлүк гастрономиялык тренддерге жана авиаперевозчиктердин талаптарына ылайык менюну жаңылат. Компаниянын өндүрүш процессинин эффективдүүлүккө, масштабдалышына жана жогорку сапаттагы продукцияга багытталган.
Талкуулоо учурунда технологиялык чечимдерди, мыкты практикаларды жана башкаруу ыкмаларын алмашуу варианттары, ошондой эле кызматкерлерди окутуу жана квалификацияны жогорулатуу маселелери каралды.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын коммерция боюнча директору Аман Мамаевдин айтымында, «жетуулгон келишимдерди ишке ашыруу борттук тамактандыруу борборунун кубаттуулугун жогорулатууга, кызматтарды кеңейтүүгө жана авиациялык кызмат көрсөтүүдө регионалдык жана эл аралык деңгээлде позицияларды бекемдөөгө мүмкүндүк берет».
«Манас Менеджмент» ЖАКтын директору Абсамат Тельтаев: «Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу биз үчүн маанилүү. Бул мыкты тажрыйбаны алмашууга жана жогорку стандарттарды киргизүүгө жардам берет, бул болсо биздин ишкананын туруктуу өнүгүшүн камсыздайт жана кызматтардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат» деп белгиледи.Жолугушуунун аягында тараптар биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү жана өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоого жана авиациялык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган инициативаларды ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.