













Заманбап билим берүү системасы окуучуларга эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү бериши керек. Маанилүү аспектилердин бири 12 жылдык окутуу моделине өтүү жана билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жана техникалык базасын комплексдүү жаңылоо болуп саналат.
Жаңы муундун глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргызстанда 12 жылдык окутуу моделин киргизүү, жаңы типтеги окуу китептери менен камсыздоо жана XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Лабораториялар ар кандай жабдуулар менен жабдылган, бул кеңири спектрдеги окуу тапшырмаларын аткарууга мүмкүндүк берет. 220 кластердик мектепте 5 500 лабораториялык жабдуулар комплекттери, 220 интерактивдүү панелдер жана ошондой эле ноутбуктар орнотулган.
Бул комплекттер изилдөө иштерин жүргүзүү, механика, электр, оптика, химиялык реакциялар жана биологиялык процесстердин мыйзамдарын үйрөнүү үчүн арналган. Жабдуулар так өлчөмдөрдү жүргүзүүгө жана эксперименттик маалыматтарды талдоого мүмкүндүк берет, студенттерде илимий изилдөө жана заманбап өлчөө технологиялары менен иштөө көндүмдөрүн калыптандырат.

Бул жабдууларды колдонуу студенттердин предметтер боюнча билимдерин, практикалык көндүмдөрүн, санариптик сабаттуулугун жана изилдөөчү ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле табигый илимдерди окутуунун сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.
Педагогикалык курам үчүн окуу-лабораториялык жабдууларды жана билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды эффективдүү пайдалануу боюнча окутуучу иш-чаралар уюштурулган.
Мындан тышкары, «Жаңы муун үчүн билим берүү (Next Generation Education – 2025)» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 800 англис тили мугалими жана 400 STEM мугалими үчүн тренингдер өткөрүлдү, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап окутуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында.
12 жылдык билим берүү моделине өтүү менен, Билим берүү министрлиги жаңы окуу китептерин түзүү үчүн авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча активдүү иш алып барууда.
Кийинки жеткирүүлөрдө «Тарых», «География» жана «Кыргыз тили» предметтери боюнча мугалимдерге ноутбуктарды берүү пландалууда.
Мектептердин жетишсиздиги маселеси жыл сайын чечилип жатат: жаңы окуу имараттары окуучулардын санынын өсүшүнө жараша курулат, ал эми кээ бир мектептерге кошумча курулуштар берилет.
2023-жылдын экинчи Элдик курултайында Билим берүү министрлигине 412 кайрылуу келип түшкөн, анын 332си же 81,6% мектептерди куруу маселелерине байланыштуу. Калган кайрылуулар мугалимдердин айлык акысы, окуу китептери жана башка актуалдуу маселелер менен байланыштуу, деп билдирди «Кабар» агенттигине Билим берүү министрлигинин бюджет, саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси Венера Сапаркулова.

- 20 мектеп — мамлекеттик бюджеттин эсебинен;
- 12 мектеп — Саудия өнүктүрүү фондуна каражаттар менен;
- 1 мектеп — Россиянын колдоосу менен;
- 3 мектеп — жергиликтүү бюджеттин эсебинен.
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда 1-апрелден баштап мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 100%га жогорулаарын жана 52 миң сомдун тегерегинде болорун билдирди.
