
Бүгүн М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаңы директор Талант Эралиевди тааныштырды.
Салтанатта сүйлөгөн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кардиологиялык жардам системасынын туруктуу иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.
«Мурда аныкталган көйгөйлөр убагында башкаруучу чечимдерди талап кылат. Биз жаңы команда процессерди уюштуруу, тартип жана жогорку клиникалык натыйжаларды камсыздайт деп ишенебиз», — деди ал.
Резюме:
Эралиев Талант Каканович,
1987-жылы туулган, улуту кыргыз,
жогорку медициналык билимге ээ.
2011-жылы Санкт-Петербургдогу С. М. Киров атындагы Аскер-медициналык академияны «Дарылоо иши» адистиги боюнча аяктаган.
2011–2012-жылдары Эралиев «Хирургия» адистиги боюнча интернатурадан өткөн, ал эми 2012-жылы Алматыда (Казакстан) «SEMA» медициналык борборунда интервенциялык кардиология боюнча курсу аяктаган.
2012-2014-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүндө улук ординатор болуп иштеген.
2013–2014-жылдары параллель түрдө Ош шаарындагы «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда интервенциялык кардиолог болуп иштеген.
2016-2022-жылдары Эралиев Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси болуп, «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо врачтын функцияларын, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында эндоваскулярдык хирург болуп иштеген.
2019-2023-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын медициналык кызматтын начальниги жана орун басарынын милдетин аткарган.
2022–2023-жылдары Ош шаарындагы «EUROCLINIC» медициналык борборунда рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо врач болуп иштеген.
2022-жылдан 2026-жылдын январь айына чейин Ош шаарындагы «Кыргызстан-Россия» клиникасында рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо врач болуп иштеген.
Талант Эралиев Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин академик Е. Н. Мешалкин атындагы Кровообращение патологиясы институтунда алган медициналык илимдер кандидаты даражасына ээ.
Мындан тышкары, ал «Кыргыз рентгенэндоваскулярдык хирургдар илимий-медициналык коомун» жетектеген.