Күндүн активдешүүсү деген эмне жана бул Жерге кандай таасир этет

Ирэн Орлонская Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Күндүн активдешүүсү эмне жана бул Жерге кандай таасир этет

2023-жылдын 9-мартында Россиянын илимдер академиясынын космостук изилдөөлөр институту Күндүн сол четинде, экватордон жогору караңгыланган тактардын табылганы тууралуу маалымдады. Ушул көрүнүштөрдү иликтеген окумуштуулар күндүн активдүүлүгү күч алууда деген жыйынтыкка келишти. Алар 2035, 2046 жана 2057-жылдары кийинки циклдар азыркыдан күчтүү болушу мүмкүн экенин да белгилешти.

«Бул спутниктерге, навигациялык системаларга жана ионосферага таасир этет. Ошондуктан адамдар Күндүн активдүүлүгү менен байланышкан кесепеттерге даяр болушу маанилүү», - деп кошумчалашты изилдөөчүлөр.

«Кабар» агенттиги бул көрүнүштүн себептери жана адамга тийгизе турган мүмкүн болгон кесепеттерине кызыкты.

Кыргыз улуттук университетинин Ж. Баласагын атындагы физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов Күндүн активдешүүсү 11 жылдык мөөнөт менен кайталанган табигый процесс экенин түшүндүрдү.

«Бул Жерге коркунуч туудурбайт. Активдүүлүк ар кандай болушу мүмкүн, жана ал күчөгөндө, биринчи кезекте, жетиштүү коргоосу жок космостук станцияларга таасир этет», - деди ал.
«Жер ионосфера жана озоносфера катмарлары менен корголгон. Күчөгөн активдүүлүктө кээ бир бөлүкчөлөр Жерге жетиши мүмкүн, бирок негизинен бул таасир байланыштын техникалык каражаттарына гана тиешелүү», - деп кошумчалады адис.
«Мындай каражаттарга мобилдик операторлор жана сигналды толкундар аркылуу өткөргөн телевидение жана радиоберүү системалары кирет. Бирок адистер мындай кырдаалдарда кантип коргонуу керек экенин билишет, ошондуктан бул кооптуу эмес», - деп жыйынтыктады ал.
Күндүн бетинде магниттик талаалардын топтолушу себептүү күн тактары пайда болот. Алардын температурасы тегерегиндегилерден төмөн болгондуктан, караңгылашып көрүнөт.

Бул тактар магниттик активдүүлүктүн жогорку деңгээлин көрсөтүп, кээде күндүн жарылуулары менен коштолот.

Автор: Назира Кенжебекова

Перевод: Гульмира Байтерекова
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: