Поливанов Евгений Дмитриевич (1881-1938)

Поливанов Евгений Дмитриевич (1881-1938)


Поливанов Евгений Дмитриевич (1881-1938) - тил таануучу (полиглот), тил таануу теориясынын адиси, ориенталист (айрыкча, кыргыз таануучу, «Манас» эпосун орус тилине биринчи которгондордун бири).

Смоленск шаарында туулган. Санкт-Петербург университетинин тарых-филология факультетин (1912) аяктаган. 1914-жылы магистрдик диссертациясын коргогон. Приват-доцент. Чыгыш тилдери боюнча билимдерин Япония жана башка өлкөлөрдө өркүндөттү.

1917-жылдан 1921-жылга чейин Петроград жана Москвада илимий-педагогикалык ишмердик менен алектенген. 1921-1923-жылдары Түркестан АССРинин Наркомпросунун Илимий Кеңешинин төрагасы, 1926-1929-жылдары Москвадагы Чыгыш таануу институтунун профессору болуп иштеген. Ал түрк жазмаларын араб графикасынан латиницага өткөрүү боюнча активдүү жактоочулардын бири болгон. Өзбекстанда бир нече комплекс илимий экспедицияларга катышкан. 1934-1937-жылдары Фрунзеде жашап, Кыргыз маданий курулуш институтунун жана Педагогикалык институттун профессору болгон. «Манас» эпосун изилдөө жана которуу менен алектенген, анын кээ бир бөлүктөрүн «Советская Киргизия» газетасында (1935, 30-сент., 24-дек.) жана «Литературный Узбекистан» журналында (1935, №2; 1936, №4) жарыялаган.

Поливанов Евгений Дмитриевич (1881-1938)


1937-жылдын 1-августунда Фрунзеде кармалып, Москвага жөнөтүлгөн, ал жерде 1938-жылдын 25-январында атып өлтүрүлгөн. 1963-жылы толук реабилитацияланган.

Кыргыз Республикасынын НАН архивинде анын кыргыз таануу жана дунган таануу эмгектеринен турган кол жазмалары сакталууда. «Манас» эпосунун орусча которулушунун принциптери жөнүндө доклад 1968-жылы гана жарыяланган («Манас»: Кыргыз элдин баатырдык эпосу. Фрунзе, 1968).

Анын жарыяланган, кол жазма жана жоголгон эмгектери жөнүндө караңыз: Ларцев В.Г. Е. Д. Поливанов: Тарых жана ишмердүүлүк беттери. - М.: «Наука», 1988; Поливанов Е.Д. Чыгыш жана жалпы тил таануу боюнча эмгектери. - М.: «Наука», 1991.

«Литературный Узбекистан» журналынын 1935-жылдагы №2-бетинин сүрөтү. Е.Д. Поливанов тарабынан мыкты аткарылган «Манас» эпосунун үзүндүсүнүн котормосунун фрагменти

Фото страницы журнала «Литературный Узбекистан», 1935, №2, г.Ташкент. Фрагмент перевода отрывка эпоса «Манас», великолепно выполненного Е.Д. ПоливановымФото страницы журнала «Литературный Узбекистан», 1935, №2, г.Ташкент. Фрагмент перевода отрывка эпоса «Манас», великолепно выполненного Е.Д. Поливановым
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent