АБДРАКОВ Кубанычбек Касмакунович. Чолпон-Ата шаарынын архитектору
АБДРАКОВ Кубанычбек Касмакунович Архитектор. 1951-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн. 1975-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган. Окууну аяктаган соң, Ысык-Көл райисполкомунун өндүрүштүк-экономикалык тобунда архитектор катары ишин баштаган, андан кийин Чолпон-Ата шаардык кеңешинин өндүрүштүк экономикалык тобунун жетекчиси болуп иштеген. Кийин Чолпон-Атадагы көркөм өндүрүштүк устаканалардын архитектору, Ысык-Көл облустук