
Кыргызстанда балык чарбасынын санариптик трансформациясы башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу балык чарба комплекси департаменти ишкерлер үчүн ишти жеңилдетүүгө жана рыноктун ачыктыгына багытталган жаңы маалыматтык платформаларды киргизүүдө. Негизги жаңылыктардын бири — "Балык жана балык продукциясын көзөмөлдөө маалыматтык системасы". Бул система товарды санариптик форматта, импорттолгон балык уругун инкубациялоодон баштап, экспортко даяр болгон даяр продукцияга чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул чара ветеринардык-санитардык нормалардын сакталуусун камсыз кылуу менен катар, кыргыз балыгынын эл аралык рыноктордогу экспорттук потенциалын жогорулатууга да көмөктөшөт.
Ошондой эле балык уулоону сүйгөндөр үчүн "Электрондук балык уулоочу билет" системасы иштеп жатат. Эми спорттук-любительдик балык уулоого уруксат алуу үчүн министрликтин расмий сайты же MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу QR төлөмдөрүн колдонуп, болгону бир нече чыкылдатуу менен уруксат алууга болот. Бул жаңылык мамлекеттик мекемелерге баруунун жана кагаз документтерди даярдоонун зарылдыгын жоюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, автоматташтырылган "Бирдиктүү электрондук реестр балык чарба суу сактагычтары жана субъекттери" маалыматтык системасы пайдаланууга берилет. Бул система аркылуу балыкчы фермерлер мамлекеттик кызматтарды алыстан ала алышат. Мисалы, азыркы учурда балык чарбасынын паспорту жана балык өстүрүү үчүн биологиялык негиздеме алуу боюнча онлайн арыз берүү мүмкүнчүлүгү бар. Департаментте тармактын масштабдуу санариптештирилиши рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей жана ачык шарттарды түзүп, өлкөдөгү балык чарбасын системалуу түрдө өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп белгилешти.