Гор визалык саясаттын кайра каралышы 75 өлкөнүн жарандарына таасир этерин белгиледи.Ал бул чаралар мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө жана визаларды берүүдө контролду күчөтүүгө багытталганын кошумчалады.
Мындан тышкары, Гор АКШнын региондогу мамлекеттер менен ар кандай тармактарда, анын ичинде электрондук соода жана транспорт боюнча бизнес байланыштарын колдоону пландап жатканын билдирди. Ал мындай стратегия АКШга гана эмес, башка өлкөлөргө да пайда алып келерин баса белгиледи.
АКШнын негизги максаты чек араларын коопсуз сактоо.Мындан мурда Америка Кошмо Штаттары 75 өлкөнүн жарандары, анын ичинде Кыргызстан үчүн иммиграциялык визаларды берүү токтотулганын белгилеп өтүү керек.