Документтин негизги максаты — жарандарды адал эмес делдалдардан, жашыруун комиссиялардан жана алдамчылык схемалардан коргоо. Ал ошондой эле жалган жарыялар жана "жабайы риэлтордук" деп аталган башка көрүнүштөр менен күрөшүүгө багытталган. Бул кесипкөй эмес жана ачык эмес практикалар жарандар үчүн кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди жүргүзүүдө олуттуу тобокелдиктерди жаратат.
Мыйзам долбоору бюрократияны азайтуу программасынын алкагында иштелип чыккан жана риэлтордук ишмердүүлүктү тартипке салууга жана кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө делдалдык процессти системалаштырууга багытталган.
Мыйзам долбоорунун негизги пункттары:
* белгиленген стандарттарга ылайык риэлторлордун мамлекеттик каттоосу (сертификациясы) милдеттүү;
* жарандарга делдалдын статусун жана легитимдүүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берген риэлтордун идентификациялык картасын киргизүү;
* риэлтордук кызматтар жана типтүү келишимдер үчүн бирдиктүү стандарттарды түзүү;
* келишимдеги риэлтордун статусу, ролу жана ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтын ачык болушун камсыздоо;
* эки эселенген комиссияларды тыюу салуу жана кыймылсыз мүлк объекттеринин жаңылыш жарнамасын чектөө;
* мыйзамсыз риэлтордук ишмердүүлүк жана талаптарды бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө.
Ошондой эле мыйзам долбоору кыймылсыз мүлк боюнча спекулятивдик операцияларды азайтууга багытталган салык чараларын камтыйт.
Бул документтин кабыл алынышы кыймылсыз мүлк рыногун тартипке салууга, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана адал рынок катышуучулары үчүн цивилизациялуу шарттарды түзүүгө кадам катары күтүлүүдө, деп билдирет ведомство.
Мыйзамдын тексти
Документти жүктөп алуу