



Кыргызстандын борбору Бишкекте жүрөк-кан тамыр жана инфекциялык эмес ооруларды дарылоонун заманбап ыкчамдарына арналган Эл аралык медициналык форум башталды. Мындай иш-чарада «Миррахимовдук окуулар» аттуу илимий-практикалык конференция да өтүүдө. Форумга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) адистери катышууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов форумду ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал бул иш-чаранын заманбап дарылоонун ыкмаларын талкуулоо жана медицина тармагына инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти киргизүү үчүн аянтча катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Байсаловдун айтымында, программа эрте өлүмдү азайтууга, профилактикалык чараларды жакшыртууга, ошондой эле пациентке багытталган медициналык жардам моделин түзүүгө жана клиникалык практикага санариптик аналитикалык инструменттерди киргизүүгө багытталган.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жүрөк-кан тамыр жана инфекциялык эмес оорулар дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо системалары үчүн олуттуу чакырык экенин белгиледи. Кыргызстанда өлүмдүн жарымынан көбү жүрөк-кан тамыр оорулары менен байланыштуу, ал эми инфекциялык эмес оорулар менен бирге бул сан 80% чамасында жетет.

Программа алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:
- Кыргыз Республикасынын рентгенхирургдарынын биринчи съезди;
- жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды медицинанын тармагына киргизүүнү талкуулоо;
- жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоого арналган эл аралык сессиялар жана мастер-класстар;
- НЦКиТ менен Россия жана Казакстандын алдыңкы медициналык борборлору ортосунда кызматташтык боюнча меморандумдарды кол коюу;
- ШКУ ооруканалар альянсынын 8-коференциясы.