- лабораториялык кызматты башкаруунун натыйжалуу структурасын түзүү;
- халыкаралык сапат стандарттарын киргизүү;
- мониторинг жана көзөмөл процессинин санариптештирилиши;
- лабораториялык ресурстарды рационалдуу пайдалануу;
- изилдөөлөрдүн натыйжаларынын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.
Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүүнүн жана медициналык калдыктарды натыйжалуу башкаруунун маанилүүлүгүн саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары катары белгилеп, булар оорулардын алдын алууга, убагында диагноз коюуга жана жарандардын ден соолугун коргоого түздөн-түз таасир этерин айтты.