
Генпрокурорго тергөөдө ачыктык жана адилеттүүлүк үчүн кайрылуу
Ош облусундагы коомдук уюмдардын бир тобу Генералдык прокурорго, ички иштер министрине, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальнигине жана омбудсменге кайрылуу жөнөттү, анда Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы Айжанылдын трагедиялуу өлүмү тууралуу сөз болот.
Кайрылууларында алар Айжанылдын өлүмүнүн жагдайларын толук, ачык жана адилеттүү тергөө зарылдыгын, ошондой эле аялдарга карата системалык зомбулукту жоюу боюнча чараларды талап кылышууда.
Айжанылдын денеси табылган соң, анын күйөөсү, туугандары өзүн-өзү асып өлтүрүү версиясын сунуштаган, эркиндикте калууда жана ага кармоо чаралары колдонулбай жатат.
«Бизге белгилүү фактылар бул версиянын чындыкка жакындыгына олуттуу шектенүүлөрдү жаратат. Трагедиядан бир күн мурун Айжаныл жардам сурап, энесине телефон чалып, тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүп, күйөөсүнүн физикалык зомбулугу тууралуу айтып, аны бул үй-бүлөлүк азаптан алып кетүүнү өтүнгөн. Бул өз жанын кыюуга чечим кабыл алган адамдын сөздөрү эмес, курмандыктын акыркы жардам сураганы», — деп жазылган кайрылууда.
Эскертсек, 20-февралда Ноокат районунда, Кок-Бек айыл аймагында 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз асылып өлгөн абалда табылган.