Адахан Мадумаров: «Биздин партиябыз айрым участкалар боюнча добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууда»
«Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү, алардын кээ бирлери боюнча менде документалдык далилдер бар», – деди «Бутун Кыргызстан Эмгек» партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров 14-октябрда өткөн пресс-конференцияда. – Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өттү, алар өлкөбүздөгү бардык саясий партияларга шайлоочулардын добуштарын адилеттүү алуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк берүүгө чакырылган. Эл аралык коомчулук Жогорку Кеңештин (Кыргыз парламенти – ред.) шайлоолорун