«Ала-Тоо» балетиндеги музыкалык жана хореографиялык оформлениелердин ортосундагы ажырым
«Ала-Тоо» спектаклиндеги көрүнүктүү кемчиликтер «Чолпон», «Лебедин озеру» жана башка балеттердеги сказка сюжеттеринен кийин, «Ала-Тоо» спектаклинин темасы заманбаптыгы менен кызыктырды. Жамаат ишке ынтаа менен киришти. Бирок В. Литвиненко жана Н. Тугеловдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн иш канааттандырарлык болгондугуна карабастан, схемалуу, кээ бир учурларда ойлонулган, жөнөкөйлөтүлгөн аракеттер сезилип турду. Бардыгы өтө түздөн-түз чечилди. Жамандыкка каршы келген душмандар өтө акылсыз