Киргиздердин килем токуу өнөрү
XIX кылымда, өзгөчө анын экинчи жарымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү килем токуу өнөрү кеңири жайылган жана толугу менен аялдардын колунда болгон. Көшпөндөрдүн жашоосунан келип чыккан килем токуу, башында жарым-жартылай табигый чарба шарттарында өнүгүп, үй өндүрүшүнүн мүнөзүн алган жана бир үй-бүлөнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган. Бирок ошол учурда да килем буюмдарын негизинен коомдун жогорку катмары — кыргыз аристократиясы сатып алган.