Түштүк Кыргызстандагы аялдардын статусу
Аялдардын статусу үй-бүлөлүк мамилелерде жаш курактан, төрөлгөн балдардын санына, туулган үй-бүлөлөр арасындагы авторитетке жана башка факторлорго жараша өзгөрүп турган. Патриархалдык-феодалдык моралдын принциптери күйөөгө тийген аялга карата төмөнкүдөй: аял күйөөсүнө баш ийиши керек, анын менен талаш-тартышка кирбеши керек; ал күйөөсүнүн бардык туугандарын урматтап, сыйлашы керек, аял үй-бүлөдө жана туугандар арасында жүрүм-турум нормаларын так сактоого милдеттүү; эртең менен ал бардыктан