Ведомстводо бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда ишкерлерди колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу жана анын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынганын түшүндүрүштү.
Ошондой эле салык мыйзамдарын сактоого, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай төлөмдөр үчүн арналган жабдууларды, мисалы, банк карталарын, электрондук акчаларды жана QR-коддорду колдонууга байланыштуу текшерүүлөр токтотулду. Бул төмөнкү тармактарда иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге тиешелүү:
- 0% жана 0,5% ставкалары менен жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы боюнча;
- патент негизинде;
- өзгөчө режимде соода ишмердүүлүгүнө салык төлөө менен;
- текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 0,25% бирдиктүү салык ставкасында.
- салык каттоосуз же патент боюнча салык төлөбөстөн иштеген ишкерлер;
- салык кызматына физикалык же юридикалык жактардан келип түшкөн арыздар же доо арыздар боюнча;
- салык төлөбөгөндүгү боюнча маалыматтары бар өкүлдөр;
- акциздик товарларды айлантуучу ишкерлер, акциздик маркалардын болушун текшерүү боюнча.