
Мындан тышкары, тараптар күн энергия станцияларын куруу жана жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу кызыгуусун көрсөтүштү. Энергетика тармагын санариптештирүү талкуунун маанилүү аспекттеринин бири болду: компания электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоо иштеп чыкты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигине программалык комплексине кирүү үчүн ачкычтар жана логиндерди өткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди, бул система боюнча ачыктыкты жана натыйжалуу мониторингди камсыздайт.
Энергетика министрлигинде бул инициативалар Кыргызстандагы "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык тартымдылыгын жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилешти. Бул пландарды ишке ашыруу кыргыз-корей өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана экологиялык таза транспорттун түрүнө өтүүнү тездетүүгө багытталган.