Мораторийдин алкагында мамлекеттик көзөмөл органдары ишкерлерге консультация берүү менен алектенишет, бул мыйзамдарды сактоого, ошондой эле сунуштар жана түшүндүрмөлөр берүүгө мүмкүндүк берет. Консультациялар пландалган жана пландалбаган текшерүүлөрдү өткөрбөстөн жүргүзүлөрү маанилүү.
Анткен менен, Экономика жана соода министрлигинин жобосунда көрсөтүлгөндөй, кээ бир текшерүүлөр исключение болуп калат:
- криминалдык жана жарандык иштердин алкагында;
- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө жатуучу ишкерлердин арыздары боюнча;
- чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын суроолору боюнча;
- физикалык жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
- ишкерлер тарабынан мыйзамдардын бузулушу тууралуу документтер менен тастыкталган конкреттүү фактылар болсо, жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдарынын суроолору боюнча;
- бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда;
- салык органдары тарабынан.