
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги риэлтордук ишмердикти жөнгө салууга багытталган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты, деп билдирет ведомствонун маалымат кызматынан.
Документтин максаты — жарандарыбызды адал эмес агенттерден, жашыруун комиссиялардан, алдамчылыктан жана манипулятивдик схемалардан, ошондой эле фейк жарыялардан коргоо. "Жабайы риэлтордук" көйгөйү профессионалдык эмес жана ачык эмес практикаларды камтыйт, булар кыймылсыз мүлк рыногундагы керектөөчүлөр үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн.
Мыйзам долбоору бюрократияны азайтуу аракеттеринин бир бөлүгү болуп, риэлтордук ишмердикти тартипке келтирүүгө жана кыймылсыз мүлк рыногундагы делдалдык кызматтарды системалаштырууга багытталган.
Инициативанын негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирет:
белгиленген профессионалдык стандарттарга ылайык риэлторлордун мамлекеттик каттоосун (сертификациясын) жүргүзүү;
жарандарга делдалдын легалдуулугун жана статусун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берчү риэлтордун идентификациялык картасын киргизүү;
риэлтордук кызматтар үчүн бирдиктүү стандарттарды жана типтүү келишимдерди иштеп чыгуу;
сатып алуу процессиндеги риэлтордун статусу, ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтын ачык болушун камсыз кылуу;
эки эселенген комиссияларга тыюу салуу жана кыймылсыз мүлк объекттеринин алдамчы жарнамаларын чектөө;
мыйзамсыз риэлтордук ишмердик жана белгиленген нормаларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоо.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлк менен спекулятивдик операцияларды чектөө үчүн салык чаралары каралган.
Бул документтин кабыл алынышы кыймылсыз мүлк рыногунда тартип орнотууга, жарандардын ишенимин арттырууга жана адал катышуучулар үчүн цивилизациялуу шарттарды түзүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.
Мыйзам долбоорунун тексти шилтеме боюнча жеткиликтүү.