Россиянын илим жана маданият борборунда «Башталгычтар үчүн кыргыз тили» окуу китебинин презентациясы өтөт.
2014-жылдын 9-октябры күнү саат 15:00дө Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунда «Башталгычтар үчүн кыргыз тили» окуу китебинин тааныштырылышы өтөт. Бул китеп орус тилинде сүйлөгөн жогорку окуу жайларынын жана орто атайын окуу жайларынын студенттерине арналган.